Нарын шаарында республикалык денгээлде белгилене турган Нооруз майрамынын алкагында “Мыкты сүмөлөк” сынагы өтөт. Сынак “Кыргыз биримдик” коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленип ага Нарын облусундагы ар бир район катышып, жалпы 40 казан сүмөлөк кайнатылат.
Сынакты уюштурууга аталган коом жана “Тапсаң сеники” долбоорунун негиздөөчүлөрү тарабынан 1 миллион 500 миң сом жумшалууда. Эң даамдуу жана нак сүмөлөк деп табылган “Мыкты сүмөлөккө” акчалай байгелер берилет.
“Климаты оор, өзгөчө шартта жашаган теңиртоолуктарга өнүгүү тилек кылып, эл-жерибизге тынчтык, молчулук, береке келсин деген ниет менен сынакты уюштуруп жатабыз. Максатыбыз нукура сүмөлөктү жайылтуу.
Биринчи орунга 100 миң, экинчиге 50 миң, үчүнчүгө 30 миң сом байге берилет.
Ошондой эле 40 казандын баарын куру койбойбуз. Ар биринин эмгегин эске алып, аракетин баалап 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин өзүнчө сыйлыктар берилет”,-деди “Кыргыз биримдик” коомдук бирикмесинин төрайымы Дана Абдыбекова.
Маалымат үчүн белгилесек, 40 казан сүмөлөк 20-март күнү Нарын шаарындагы “Тянь-Шань” паркынын ичинде кайнатыла баштайт. Сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү бир катар маданий иш-чаралар менен коштолот.