УКМКнын айрым кызматкерлерине карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду
Новость

УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мыйзамдуу өткөрүп берүү деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып, жеке материалдык кызыкчылыктарын арттырып келишкендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголду.