Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Буга чейин Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде «Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгону кабарланган.
Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин алкагында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктап, кармашты.
Тактап айтканда, 1983-жылы туулган Н.Н. («Кыргызнефтегаз» ААКтын Башкармалыгынын мурдагы төрагасы), 1980-жылы туулган А.Р. («Кыргызнефтегаз» ААКтын Башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары), 1988-жылы туулган А.Н. (тиешеси бар компаниялардын биринин директору), 1990-жылы туулган М.Б. (тиешеси бар компаниянын мурдагы директору) кармалды.
Аталган адамдар Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери улантылууда.