12-мартта Ош облустук төрөт үйүндө төрт эм жарык дүйнөгө келди.
26 жаштагы келин кош бойлуулуктун 32-жумасында, ай-күнүнө жетпей операция жолу менен төрөгөн. Бул анын биринчи төрөтү экени маалым болду.
Дарыгерлердин айтымында, ымыркайлардын бири уул, үчөө кыз. Алардын салмагы 1830, 1815, 1520 жана 1500 граммды түзөт.
Учурда эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу. Алар 23-мартта үйүнө чыгарылат.