Камчыбек Ташиев суракта
Новость

Камчыбек Ташиев ИИМде сурак берүүдө. Ал бүгүн Кыргызстанга келип, Манас аэропортунан түз эле тергөөгө барганы белгилүү болду. 

Азыр ал Башкы тергөө кызматында тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүдө. Маалыматка караганда, ал “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасына байланыштуу кылмыш ишинин алкагында чакырылган. Ал күбө катары сурак берип жатканы маалым болду.