Нарын шаарындагы “Тянь-Шань” паркында Нооруздун башкы тамагы болгон сүмөлөк кайнатыла баштады. Алгач куран окулуп, элге-журтка токчулук молчулук тилек кылынып, бата берилди. Андан соң арча түтөтүлүп аласталды.
Быйыл Нооруз майрамы Нарын шаарында өлкө жетекчилигинин катышуусунда республикалык денгээлде белгиленет. Анын алкагында “Кыргыз биримдик” коомдук бирикмесинин колдоосу менен 40 казан сүмөлөк сынагы уюштурулуп, Ат-Башы районунан 14, Нарын районунан 10, Кочкор районунан 1, Ак-Талаа районунан 8, Нарын шаарынан 8 жалпы 41 казан сүмөлөк кайнатылууда.
Сынактын жобосуна ылайык сүмөлөк өндүрүлгөн дан, ун жана май менен гана жасалышы керек.
Жыйынтыгында эң даамдуу жана нак сүмөлөк деп табылган “Мыкты сүмөлөк” үчүн биринчи орунга 100 миң, экинчиге 50 миң, үчүнчүгө 30 миң сом байге берилет. Ошондой эле сүмөлөк кайнаткан ар бир топтун эмгеги эске алып, аракеттери бааланып, 41 казандын ар бирине 10 миң сомдон акчалай сыйлыктар берилет.