Бүгүн, 20-мартта жалпы мусулмандардын Айт майрамы. Айт майрамы жума күнгө туш келгендиктен кош майрам болуп эсептелет. Бул күнгө карата айт намазы Нарын шаарында жети мечитте окулду. Алардын бири борбордук Азирет Али мечитине эки миңден ашуун адам чогулуп, айт намазына жыгылышты.
Алгач айт намаз башталганга чейин Нарын облусунун казыяты тарабынан намазга туура жыгылуунун жолдору, Намаз окуу менен катар адеп-ахлакты бийик туткан адамдар бейишке кирет деген өңдүү мусуманчылыктагы жасала турган сооп иштер тууралуу баян айтылды.
Айт намазга Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук, шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.