Чет өлкө лидерлери Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты
Новость

Бир катар чет өлкөлүк лидерлер Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Биздин боордош элдерибиз кылымдар бою боорукердик менен кечиримдүүлүктүн, ынтымак менен биримдиктин символу катары кастарланып, чоң кубаныч жана шыктануу менен белгиленип келе жаткан бул улуу жана кайталангыс майрамды чыдамсыздык менен күтүп келишет.

Өзгөчө белгилей кетсем, биздин биргелешкен системалуу ишибиздин жана бекем саясий эркибиздин аркасында акыркы жылдары биздин достук мамиледеги өлкөлөрдүн ортосундагы көп пландуу жана узак мөөнөттүү кызматташтык, стратегиялык өнөктөштүк мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлдү”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев ошондой эле Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

IMG_2380.jpeg 1.24 MB
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Казакстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Сиздин бардык мекендештериңизди мусулман үммөтүнүн улуу майрамы – Орозо айт менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Мээримдүүлүккө, кайрымдуулукка, сооптуу иштерге жана руханий баалуулуктарга толгон бул ыйык майрамда мусулман дүйнөсүндө тынчтык, ынтымак жана бир тууган элдердин биримдиги чыңдала берсин.

Жараткан Аллах кармаган орозобузду жана кылган жакшы иштерибизди кабыл кылсын, баарыбызга бир Рамазандан кийинкисине аман-эсен жетүүнү насип этсин!

Бардык мусулмандардын жүрөгү жылуулукка жана кубанычка толгон бул жаркын учурда Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине туруктуу өнүгүү жана бакубатчылык каалайм!”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

IMG_2379.jpeg 1.33 MB
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Бул куттуу майрамга байланыштуу эң жакшы каалоо-тилектерибизди кабыл алыңыз.

Биздин элдер Рамазан айынын жакшы каада-салттарын жана ислам дининин чыныгы идеалдарын чагылдырган бул ыйык майрамдын руханий-адептик баалуулуктарын эзелтеден бери жогору баалап келишет.

Бул майрамдын бекем баалуулуктарынын негизинде тажик-кыргыз достук, өз ара түшүнүшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелери сапаттык жактан жаңы бийиктиктерге жетип, эки өлкөнүн элинин үмүтүн ишке ашыруу менен мындан ары да кеңейип, бекемделе берерине ишенем.

Дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар үчүн кубанычтуу болгон бул күндөрү Сизге Жараткандан чың ден соолук, бакыт жана жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, бейпилдик, бакубат жашоо, молчулук жана туруктуу өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

IMG_2382.jpeg 118.28 KB
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Жогорку руханий баалуулуктардын – гуманизмдин, кайрымдуулуктун, боорукерликтин жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болгон бул ыйык майрам бүткүл мусулман үммөтүнүн арасында өз ара урматтоонун жана түшүнүүнүн, тилектештиктин жана тынчтыктын бекемделишине өбөлгө түзөт деп терең ишенем.

Ушул ыйык майрамда Сизге чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргызстан элине бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалайм. Бардык тилектерди жана жакшы иштерди Жараткан кабыл кылсын”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

IMG_2410.jpeg 116.55 KB
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Жеке өзүмдүн жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана Сиз аркылуу боордош кыргыз элин ислам дүйнөсүнүн ыйык күнү — Рамазан (Орозо айт) майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бардык дуба-тилектериңиздердин жана үмүттөрүңүздөрдүн орундалышын каалайм.

Терең тарыхый тамырларга, орток руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарга негизделген Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да биргелешкен аракеттердин аркасында өнүгүп, кеңейе берет деп ишенем.

Бул жарык майрамда Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине туруктуу тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

IMG_2389.jpeg 115.27 KB
Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Бул ыйык майрам ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка тынчтык, ден соолук жана бакубатчылык алып келсин деген тилектерим менен бирге, биздин тилектештигибиз менен биримдигибиз мындан ары да бекемделүүсүн Жараткандан тилеймин.

Өз элимдин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми достош жана боордош Кыргызстан элине бакубат жашоо, гүлдөп-өнүгүү жана өсүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

IMG_2388.jpeg 118.96 KB
Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббас Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Орозо майрамына карата Сизге эң жылуу боордоштук куттуктоолорубузду жолдойбуз. Жараткан Сизге ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргыз Республикасына, анын элине жана өкмөтүнө мындан аркы прогрессти жана гүлдөп-өсүүнү насип кылсын.

Ошондой эле биздин өлкөлөрдө жана жер жүзүндө – коопсуздук, тынчтык жана туруктуулук болсун”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

IMG_2414.jpeg 114.63 KB
Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Сизди жана Кыргыз Республикасынын мусулман элин орозо кармагандардын сыйлыгы болгон Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектеримди билдирем.

Бул майрам мусулмандардын биримдигин чыңдоонун, диний жана коомдук байланыштарды бекемдөөнүн көрүнүшү, ошондой эле ыйык Рамазан айында чын ыкластан айтылган дубалар өз жемишин берген мезгил болуп саналат.

Боорукерликке жана кут-берекеге толгон бул майрам аркылуу мусулман элдеринин ортосундагы тилектештик дагы да бекемделип, тынчтык менен туруктуулук орноп, ислам өлкөлөрүнүн бардык тармактардагы кызматташуусу кеңейет деп ишенем”, — деп айтылат телеграммада.

IMG_4009.jpeg 117.19 KB
Иорданиянын Королу Абдалла II ибн аль-Хусейн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Орозо айт майрамына карата Иордания Хашимит Падышачылыгынын эли жана өкмөтү мени менен биргеликте Сизге чын дилден чыккан куттуктоолорун билдирет.

Жеке өзүмдүн эң жакшы каалоолорумду, ошондой эле боордош элге мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өсүүнү каалаган тилектеримди кабыл алууну өтүнөм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

IMG_2430.jpeg 118.44 KB
Сауд Арабиясынын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Сизге эң чын жүрөктөн чыккан куттуктообузду жана эң жакшы каалоо-тилектерибизди жолдоо биз үчүн чоң кубаныч. Жараткан Аллах Тааладан Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүү, ошондой эле бүткүл ислам үммөтүнө даңк жана улуулук берүүсүн тилейм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле өз куттуктоосун Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы, Министрлер кеңешинин төрагасы Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд дагы жолдоду.

IMG_2390.jpeg 119.79 KB