Гран-при — 20 миң сом: Буранадагы сүмөлөк фестивалынын жыйынтыгы
Новость

Чүй облусунда Нооруз майрамына карата Бурана мунарасында сүмөлөк фестивалы уюштурулуп, анын алкагында ар кыл улуттук сынактар өткөрүлдү.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Аманбол Бабакуловдун айтымында, калыстар тобу бардык катышуучуларга калыс баа берүүгө аракет кылган. Байге фонду да мүмкүн болушунча тең бөлүштүрүлүп, ар бир катышуучуга 8 миң сомдон берилген. Мындан тышкары, даамы өзгөчө, талапка жакын келген сүмөлөккө кошумча сыйлык каралган.

Ошондой эле ал Чүй облусунда мындай масштабдагы сүмөлөк кайнатуу иш-чарасы биринчи жолу өтүп жатканын белгиледи. Катышуучулардын көбү салттуу ыкмадан четтеп, мейиз, кант жана башка кошумчаларды пайдаланган. Айрымдары кыям да кошуп жибергени айтылды. Жыйынтыгында баш байге — Гран-при Чүй жатак мектебине ыйгарылып, 20 миң сом берилген.

Иш-чаранын демилгечиси жана уюштуруучусу Элнура Кулуева Кыргызстанда сүмөлөк фестивалы 2012-жылдан бери өткөрүлүп келе жатканын эске салды. Анын айтымында, бул демилге улуттук тамакты даңазалоо жана аны бренд катары өнүктүрүү максатын көздөйт. Фестиваль Маданият министрлиги менен биргеликте уюштурулуп, министрликтен иш-чара үчүн 500 миң сом каражат бөлүнгөн.

Журналист, "Сүмөлөк" фестивалынын негиздөөчүсү Элнура Кулуева белгилегендей, мурда 40 казан сүмөлөк кайнатылган чоң иш-чара да уюштурулган. Бул жолу Буранада өткөн фестивалда 11 казан сүмөлөк даярдалган. Бирок катышуучулардын айрымдары интернеттеги маалыматтарга таянып, салттуу рецепттен четтеп кетишкен.

Анын айтымында, сүмөлөктүн классикалык курамы — ун, май, туз жана угут. Дал ушул жөнөкөй азыктардан даярдалган сүмөлөк өзгөчө даамга ээ болуп, кошумча таттууларсыз эле табигый таттуулук берет. Бүгүнкү иш-чарада стандартка туура келген сүмөлөктү Чүй дарыгерлер тобу даярдап, аны элге акысыз таратышты.

Фестивалдын жүрүшүндө сүмөлөк кайнатуудан тышкары боз үй ашканасы, койдун башын бөлүү, кол өнөрчүлүк жана спорттук мелдештер да уюштурулуп, конокторго улуттук маданият кеңири таанытылды.