Кыргызстанда бир суткада эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчи жер титирөө Жалал-Абад облусунун аймагында 22-мартта саат 09:18де катталган. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен. Жер титирөө Тоскоол айылынан батышка карай 6 чакырым, Масы айылынан түштүк-чыгышка карай 14 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышка карай 16 чакырым аралыкта жайгашып, Тоскоол айылында 3 балл, Майлуу-Сууда жана Масыда 2,5 балл, ал эми Кочкор-Ата шаарында 2 балл сезилген.
Экинчи жер титирөө ошол эле күнү саат 11:30да Тажикстандын аймагында катталып, анын күчү 3,5 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн очогу Раззаков шаарынан түштүк-батышка карай 28 чакырым, Ак-Суу жана Сары-Дөбө айылдарынан 18–20 чакырым аралыкта жайгашкан. Аталган айылдарда жер титирөө 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор катталган жок.