Нарын районуна караштуу Нарын – Жаңы-Жол унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечим жолдун абалын жеринде текшерүү үчүн райондук администрация өкүлдөрүнөн жана тиешелүү адистерден турган атайын комиссия түзүлүп, кароо жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынды.
Кароо учурунда №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо, кеңейтүү жана коопсуз абалга келтирүү боюнча иштер аткарылганы белгиленди.
Белгилей кетсек, 8-март күнү саат 17:45 чамасында аталган жолдун «Жаңы-Жол» тилкесинде тоодон шагыл аралаш таш кулап, кооптуу абал жаралган. Буга байланыштуу айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жол убактылуу жабылган.