Коомдук жайда тамеки чеккен министрге айып салынды
Новость

ИИМ башчысына коомдук жайда чылым чеккени үчүн айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, министрдин коомдук жайда чылым чегип жаткан видеосу соцтармактарга тарап, талкууга жем таштаган.

«Бул факты боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте протокол түзүлүп, айып пул төлөндү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо кызмат ордуна карабастан бардык жарандар үчүн милдеттүү экенин белгилейбиз. Ички иштер органдары жарандарды мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат», — деп айтылат милициянын маалыматында.