Борбор калаада жылуулук качан өчүрүлөт?
Новость

Бишкек шаарында жылытуу мезгилинин аяктоо мөөнөтү аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-мартта Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун төрагалыгы алдында жылытуу мезгилин аяктоо маселеси боюнча штаб жыйыны болуп өткөн. Жыйынга муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү, Кыргызгидромет, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти, «НЭСК» ААКнын Бишкек ПЭС филиалы, ошондой эле Бишкек шаарынын МСЭКБ өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жыйынтыгында 2026-жылдын 25-мартында жылытуу мезгилин аяктоо чечими кабыл алынды.