Бишкек шаарында 25-март күнү саат 19:00дөн тартып 26-март саат 06:00гө чейин Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки аралыгы убактылуу жабылат.
Бул убакыт аралыгында жөө адамдар үчүн жер үстүндөгү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар! Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамыыздары алдын ала пландап алууну өтүнөбүз.