Тоолуу аймактарда иштеген жаш дарыгерлердин айлыгы 70 миң сомго чейин, ал эми тажрыйбалуу адистер 85 миң сомго чейин ала баштайт.
Жаңыдан ишке орношкон жаш дарыгерлердин айлыгы мурда 16 800 сом болсо, эми колуна 35 миң сом алат. Мурун 17–19 миң сом алган тажрыйбалуу дарыгерлердин айлыгы апрелден тарта 45 миң сомго чейин жетет.
10 жылдык эмгек стажы бар дарыгерлер 40 500 сом алса, 15 жылдык стажы барлар 44 900 сомго чейин айлык алышат. Мындан тышкары, президенттин фондунан ар бир дарыгерге жана медайымга ай сайын 15 миң сомдон кошумча төлөмдөр болот, бул алардын тажрыйбасына карабай берилет.
Ошондой эле, мурун эмгек стажы 5 жыл деп эсептелсе, эми 3 жылдан кийин стаж эсептелип, кошумча төлөмдөр башталат.