Татаал шарттагы мектептердин курулушунда өзгөчө технологиялар колдонулууда
Новость

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 жаңы мектептин курулуш иштеринин жүрүшүн үзгүлтүксүз текшерип, жеке көзөмөлүнө алууда.

Аталган объекттердин ичинде инженердик-геологиялык шарттары татаал болгон аймактарда курулуп жаткан мектеп бар. Алар:

  • №94 мектепке 750 орундуу (Дордой конушу) кошумча окуу корпусунун курулушу;
  • Достук айылындагы 750 орундуу жаңы мектеп;
  • №32 мектепке 250 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу;
  • №46 мектепке 450 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу.
  • №46 мектепке 650 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу.


Инженердик изилдөөлөрдүн негизинде жер алдындагы сууга байланыштуу №46 мектепте свайлык пайдубал колдонулуп, №32 мектепте дренаждык ыкма менен пайдубал орнотулууда.
Свайлар 11 метр тереңдикте катуу жер кыртышына бекитилип, имараттын туруктуулугун камсыздайт. Ошондой эле топурактын көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн таш материалдары төшөлүп, катмарлар тыгыздалып, үстүнө монолиттик темир-бетон плитасы куюлууда. Бул “жасалма негиз” технологиясы пайдубалдын ишенимдүүлүгүн арттырат.

Ал эми №94, №86 мектептерде жана Достук айылында жердин үстүңкү катмары 6–8 метрге чейин казылып, кайра шагыл менен толтурулуп тапталып, пайдубал орнотуулат.
Татаал шарттарга карабастан, мектептерге болгон муктаждыкты эске алуу менен курулуш иштери улантылып, кабыл алынган инженердик чечимдер коопсуз жана туруктуу болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу жүргүзүлүүдө. Долбоорлор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.