Президент Садыр Жапаров “Бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлык мамлекеттик башкаруу секторунда айрым кызматкерлерге материалдык дем берүү жана эмгек акысын теңдештирүүгө багытталган.
Ага ылайык, 1-апрелден тартып төмөнкү кызматкерлердин айлыгы көбөйтүлөт:
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, эмгек акы төлөө шарттары министрлер кабинетинин тиешелүү чечимдери менен жөнгө салынуучу билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү, тегеректөө жана 1 ставкага 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөмдү белгилөө менен көбөйтүлдү.
- Эмгек акы төлөө шарттары министрлер кабинетинин тиешелүү чечимдери менен жөнгө салынуучу бюджеттик мекемелердин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы, укук коргоо органдарынын, Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн жалданма жана жарандык персоналы үчүн 1 ставкага 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм;
Ал эми 1-сентябрдан тартып төмөнкү кызматкерлердин эмгек акысы жогорулайт:
Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлери үчүн үстөктүн өлчөмү 50%га чейин көбөйтүлөт.
Бул кошумча каражат төмөнкү шарттар үчүн берилет:
- Иштин татаалдыгы жана сапаты үчүн;
- Кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн;
- Ченемге салынбаган (графиктен тышкары) иш күнү үчүн ;
Ошондой эле мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилет. Ал эми компенсация төмөнкү мекемелердин кызматкерлерине тийиштүү эмес:
- Укук коргоо органдары, Куралдуу күчтөр жана башка аскердик түзүмдөрү ;
- Пробация департаменти жана Юридикалык жардам кызматы;
- Гидрометеорология кызматы жана Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору;
- Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жана Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти, "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү, президенттин Иш башкармалыгы жана атайын статусу бар мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү;
- Жергиликтүү соттордун судьялары;
- Салык кызматы, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги.
Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.