Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу улуттук валюта – сом өлкө ичинде басылып чыга баштады. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Өлкө башчынын айтымында, бул күн Кыргызстан үчүн тарыхый мааниге ээ.
“Бүгүн - Кыргызстан үчүн тарыхый күн!
Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык.
Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип, акча төлөп бастырып келген элек.
Эми тескерисинче, башка мамлекеттердин акчаларын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык.
Акча чыгарууда талап кылынган шарттарды тастыктаган эл аралык тийиштүү сертификатыбыз да бар.
Мындан тышкары, улуттук документтерибиз:
жалпы жарандык паспорт, ID-карт паспортторду, айдоочулук күбөлүк, унаанын техпаспортун ж.б документтерди жогорку сапатта чыгарып жатабыз.
Башка өлкөлөр үчүн валюта менен катар эле ар кандай мамлекеттик документтерди да басып берүүгө даярбыз.
Бүгүнкү күндө бир нече мамлекеттердин буйрутмасын алып жатабыз.
Колубузда сертификатыбыз тургандыктан, албетте, коргоо элементтери да жогорку деңгээлде болот.
Башкача айтканда, документти жасалмалоого мүмкүн эмес.
Ал эми баасы болсо жеткиликтүү болот”,-деп жазды өлкө башчы Садыр Жапаров.