2025-жылдын жыйынтыгында туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан өлкөгө 1 млрд 98 млн доллар киреше түштү. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 8,1 пайызга көп.
Мындай өсүштү Кыргызстандын эл аралык деңгээлде активдүү таанытылышы, туристтик инфраструктуранын жакшырышы жана тейлөө сапатынын жогорулашына байланыштуу.
Учурда өлкөдө туристтик тармакта 129 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект иш алып барат.