Күндүн табы 33 градуска чейин ысыйт
Новость

Кыргызгидромет кызматы апрель айында өлкөдө күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын болжолдоосун чыгарды. Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында климаттык нормадан 1…2°C жогору болушу күтүлөт. Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болот.

Чүй облусунда абанын температурасы климаттык нормадан 1…2°C жогору болуп, 12…14°C, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 7…9°C болушу күтүлөт.

Түнкүсүн: 1…6°C жылуулуктан 11…16°Cге чейин. Кээ бир күндөрү өрөөндөрдө -2…-4°Cге чейин үшүк жүрүшү мүмкүн (ыктымалдыгы 40–60%).

Күндүз: 11…16°Cден 20…25°Cге чейин, кээ бир күндөрү 27…32°Cге чейин жогорулашы же 5…10°Cге чейин төмөндөшү мүмкүн.

Талас облусунда аба ырайы климаттык нормадан 1…2°C жогору болуп, 10…12°C жылуу болушу күтүлөт.

Түнкүсүн: 1…6°C жана 9…14°C жылуулук. Кээ бир күндөрү өрөөндөрдө -3…-5°Cге чейин үшүк жүрүшү мүмкүн (ыктымалдыгы 40–70%).

Күндүз: 9…14°Cтөн 19…24°Cге чейин, айрым күндөрү 26…31°Cге чейин жогорулап, кээде 3…8°Cге чейин төмөндөшү ыктымал.

Жаан-чачын: 46–52 мм (нормага жакын).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын орточо температурасы нормадан 1…2°C жогору болуп, 13…15°C, тоо этектеринде 10…12°C жылуу болушу күтүлөт.

Түнкүсүн: 2…7°Cден 11…16°Cге чейин. Кээ бир күндөрү өрөөндөрдө 0…-2°Cге чейин үшүк жүрүшү мүмкүн (ыктымалдыгы 10–30%).

Күндүз: 12…17°Cден 22…27°Cге чейин өзгөрүп, айрым күндөрү 28…33°Cге чейин ысышы же 6…11°Cге чейин төмөндөшү мүмкүн.

Ысык-Көлдө абанын температурасы климаттык нормадан 1…2°C жогору болуп, 7…9°C жылуу болушу күтүлөт.

Түнкүсүн: -4°C сууктан 6…11°C жылуулукка чейин өзгөрөт.

Күндүз: 9…14°Cтөн 19…24°Cге чейин жетип, кээде 3…8°Cге чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачын: 10–22 мм, облустун чыгышында 33–64 мм (нормага жакын).

Нарын облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2°C жогору болуп, 7…9°C жылуу болушу күтүлөт.

Түнкүсүн: 0…-5°C сууктан 5…10°C жылуулукка чейин.

Күндүз: 3…8°Cден 13…18°Cге чейин өзгөрүп, кээ бир күндөрү 19…24°Cге чейин жогорулашы мүмкүн.

Жаан-чачын: 20–36 мм (нормага жакын).