Бишкектин түндүк тарабында жаңы автобекеттин курулушу кызуу жүрүп жатат.
Жалпы аянты 30 миң чарчы метрди түзгөн бекет 3 кабаттан жана 9 блоктон турат. Учурда бардык блоктордо бетон иштери толук аяктады.
Чатыр иштери 95 пайызга, ал эми тышкы дубалдарды айнектөө 90 пайызга бүткөрүлдү. Жаңы автобекетте мейманкана, тамактануучу жайлар, күтүү залдары каралып, айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттар түзүлөт.