Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады
Новость

Президент Садыр Жапаров “Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Айдоочулук курамды эсепке алуу жана каттоо системасын тартипке келтирүү максатында, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

  1. 2026-жылдын 31-мартында мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүк аяктасын.
  2. Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор:

– 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 31-декабрына чейин мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документти бербестен, министрлер кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 «Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишинин маселелери жөнүндө» токтомунда белгиленген тартипте алмаштырууну жүзөгө ашырсын;

– жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда убактылуу улуттук өнөктүктүн аяктоо мөөнөттөрү жөнүндө кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

– айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту берсин;

– ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

  1. Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси өзүнүн компетенциясынын чегинде айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту берсин.
  2. Президенттин 2026-жылдын 22-январындагы № 6 «Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү жөнүндө» жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
  3. 2026-жылдын 31-мартына (кошкондо) чейин мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырууга арыз берген адамдар айдоочулук күбөлүктөрдү тариздөө жана берүү жол-жоболору иш жүзүндө аяктаган датага карабастан өнөктүктү өткөрүү мезгилинде колдонулган шарттарда тейленүүгө жана айдоочулук күбөлүктөрдү алууга тийиш деп белгиленсин.
  4. Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.