Соцтармактарда кыргызстандык айдоочулук күбөлүктөр Европа өлкөлөрүндө таанылбай жатканы тууралуу маалыматты “УНАА” мамлекеттик мекемеси төгүндөдү.
Мекеменин маалыматына ылайык, күбөлүктөр Вена конвенциясы алкагында 90дон ашык өлкөдө, анын ичинде Европада да таанылат. «95-код керек» же «номер туура эмес» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр чет өлкөлөрдө колдонулат жана алардан расмий баш тарткан мамлекет жок.
Айрым кыйынчылыктар жеке уюмдардын ички эрежелерине байланыштуу болушу мүмкүн. Эл аралык айдоочулук күбөлүктөр көбүнчө конвенцияга кирбеген өлкөлөрдө талап кылынат.