Ниязбек Козуев Чүй облусунун Москва районунун акими кызматынан бошотулуп, анын ордуна Илияз Ташбаев Чүй облусунун Москва районунун акими болуп дайындалды.
Жайнак Немат уулу Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жылдызбек Беккелдиев мэр болду.
Алтынбек Жумаев Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, Алмаз Байгазиев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды.
Руслан Айтбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими кызматынан бошотулуп, Темирболот Абыкеев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими болуп дайындалды.
Талантбек Эдилов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулуп, Алтынбек Бектуров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды.
Нуртилек Орозбаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, Эдилбек Тажимырзаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды.
Ошондой эле Бакытбек Кошалиев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды.