Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азербайжан Республикасынын Баку шаарына иш сапары менен келди.
Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/Вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышат.
Ошондой эле ал, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары/Вице-президенттери менен биргеликте Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев менен жолугушат. Мындан тышкары МинКаб башчысы Адылбек Касымалиевдин Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.