Ит тиштеген 6 жашар баланын абалы кандай?
Новость

Кечээ, 2026-жылдын 1-апрелинде саат 15:40 чамасында Шаардык тез жардам клиникалык балдар ооруканасына 2020-жылы туулган бала келип түшкөн. 

Аталган баланын абалы тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди.

“Диагнозу: денесинин көп жеринде, баш сөөгүнүн терисинде тиштелген жарааттар бар. Ошондой эле буту-колу тиштелип, травмалык шоктун I–II даражасы аныкталган.

Бейтапка бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Бүгүн балага консилиум жасалды. Алгач бүгүн травматология бөлүмүнө которобуз деген чечим болгон, бирок консилиумдан кийин азырынча байкоодо кармай туралы деп чечишти.

Учурда баланын абалы, буюрса, туруктуу орточо оор абалда деп бааланууда. Азыркы тапта бардык керектүү дарыланууларды алып жатат”,-деп берилет маалыматта.