Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн аймактагы курулуш объектилери үзгүлтүксүз текшерилүүдө.
Иш-чаранын алкагында Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсү 102г дарегинде 9 кабаттуу турак үй мыйзамсыз курулуп жаткандыгы аныкталды. Ошондой эле курулуш компания техникалык регламент, курулуш ченем жана эрежелерди өз убагында аткарбагандыгы тастыкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “АрхиСтрой” ЖЧКсына карата административдик чаралар көрүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, курулуш иштери мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин убактылуу токтотулду.