Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов ийгиликтүү старт алды.
Ал 6-апрелде 77 кг салмак категориясында мелдешке чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштады. Бул баскычта анын атаандашы Япониянын 2023-жылкы чемпиону Исами Хорикита болду.
Кармаш жыйынтыгында Махмудов 7:3 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти. Андан соң чейрек финалдык кармашта казакстандык балбан Кахарман Киссыметовду жеңип жарым финалга чыкты!