Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарындагы “Жаштык” аренада спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу башталып, ага Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 350гө жакын балбан катышууда.
Чемпиондукта спортчулар грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча күч сынашат. Жалпысынан 30 комплект медаль ойнотулат.
Мелдештин программасына ылайык, 6-8-апрель күндөрү грек-рим күрөшү, 8-10-апрелде кыз-келиндер күрөшү, ал эми 10-12-апрелде эркин күрөш боюнча таймаштар өтөт.
Кыргызстандын намысын бул чемпиондукта 29 балбан коргойт. Алардын ичинен 10 спортчу грек-рим күрөшү боюнча, 9 балбан кыз-келиндер күрөшүндө, ал эми 10 спортчу эркин күрөш боюнча килемге чыгат.