Бишкек шаарында 6-12-апрель күндөрү өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын намысын 10 балбан коргойт.
Курама команданын курамы төмөнкүдөй:
- 57 кг чейин — Абдымалик Карачов
- 61 кг чейин — Бекзат Алмаз уулу
- 65 кг чейин — Рустам Кахаров
- 70 кг чейин — Эрназар Акматалиев
- 74 кг чейин — Орозобек Токтоманбетов
- 79 кг чейин — Адилет Маратбаев
- 86 кг чейин — Малик Шаваев
- 92 кг чейин — Яков Чаплин
- 97 кг чейин — Каныбек Абдухаиров
- 125 кг чейин — Арслан Турдубеков
Эске салсак, 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык” аренада спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтүүдө. Мелдештин алкагында балбандар грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.
Ага жалпы 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.