Суу-башы айыл өкмөтүндө республикалык семинар жана «акыл майдан» долбоору өтөт
Новость

Ушул жылдын 17-апрелде Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүндө жергиликтүү жамааттар системасынын 35 жылдыгына арналган республикалык семинар өтөт.
Семинар Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан өткөрүлүп, анын алкагында катышуучулар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров кол койгон «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгынын негизинде “Акыл Майдан”интеллектуалдык долбооруна күбө болушат. 

Долбоорго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын фонду колдоо көрсөткөн. Интеллектуалдык таймашка Ош облусу, Жалал-Абад облусу жана Баткен облусунан түзүлгөн мыкты командалар катышат. 
Талапка ылайык, ар бир команда эки айыл өкмөт башчысынан, бир жергиликтүү кеңештин төрагасынан жана үч муниципалдык кызматкерден түзүлөт.  
“Акыл Майдан” долбоору катышуучулардын интеллектуалдык деңгээлин, стратегиялык ой жүгүртүүсүн, ыкчам жана туура чечим кабыл алуу жөндөмүн, ошондой эле командалык иш алып баруу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, иш-чара Суу-Башы айыл өкмөтү “Мыкты айыл өкмөтү” кароо-сынагынын жеңүүчүсү болгондугуна байланыштуу ушул жерде уюштурулууда.