Измирде Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды
Новость

8-апрелде Түркиянын Измир шаарындагы Измир Соода палатасынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси жана Түркия Республикасынын Измир шаарынын Соода палатасынын колдоосу менен уюштурулган Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга арналган жолугушуу жана нетворкинг иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чынгыз Токтобеков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу, Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Санжар Дыйканов, Измир Соода палатасынын башкармалар кеңешинин мүчөсү Махмут Эркоч жана аталган шаардын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштары, Кыргызстанга экспорт мүмкүнчүлүктөрү, кызматташуу багыттары жана инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Катышуучулар тарабынан презентациялар көрсөтүлүп, конкреттүү долбоорлор жана кызматташтык багыттары боюнча баяндамалар жасалды.

Өз сөзүндө Башкы консул Чынгыз Токтобеков мындай форматтагы иш-чаралар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ал эки өлкөнүн ишкерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө жана туруктуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Иш-чара суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар ортосунда пикир алмашуу болуп, мындан аркы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.