Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев Фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, алар “Династия, металл, ат” аттуу эмгектин негизги идеяларын талкуулашты.
Жолугушууда Евразия көчмөндөрүнүн институционалдык өзгөчөлүктөрү — генеалогиялык түзүлүш, металлга негизделген технологиялык артыкчылык жана ат аркылуу камсыздалган мобилдүүлүк сыяктуу негизги факторлор кеңири каралган.
Ошондой эле лидерликтин жана бийликтин табияты тууралуу пикир алмашуу болуп, көчмөн коомунда бийлик үстөмдүк эмес, жоопкерчиликке, легитимдүүлүккө жана коомдук макулдукка негизделген институт экени белгиленген.