FIFA World Cup 2026 УТРКда: Сиздин бренд дүйнөлүк футбол менен бирге
Новость

УТРК 2026-жылдын июнь–июль айларында FIFA World Cup 2026 мелдешин кыргызстандык күйөрмандарга түз алып көрсөтөт.

Тарыхта биринчи жолу FIFA World Cup 2026 мелдешинде 48 курама команда катышып, 108 беттеш өтөт. Ар бир команда бир нече беттеште сыналат жана эң мыктысы гана чемпион аталат.

Бул дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада 11-июндан 19-июлга чейин болот.

Дүйнөнүн булуң-бурчунан миллиондогон көрүүчүлөрдүн башын бириктирген футбол боюнча дүйнө чемпионаты УТРК, УТРК Спорт каналдары аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Демек, бул сиз үчүн брендиңизди дүйнөлүк эмоция, масштаб жана тарых менен байланыштырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк!

Дүйнө чемпионатынын трансляциясынын расмий демөөрчүсү же өнөктөшү болууну каалагандар УТРКнын жарнама бөлүмүнө 0 554 455 444 номери аркылуу же ktrkadver@gmail.com электрондук дарегине кат аркылуу кайрылсаңыздар болот.

УТРК менен бирге - брендиңизди чоң аудиторияга таанытыңыз!