FIFA World Cup 2026: УТРК менен бирге брендиңизди миллиондорго таанытыңыз!
Новость

48 өлкө катышып, 3 мамлекетте өтө турган FIFA World Cup 2026 мелдешин УТРК кыргызстандык футбол күйөрмандарына түз алып көрсөтөт.

FIFA World Cup 2026 мелдеши АКШнын 11, Канаданын 2 жана Мексиканын 3 шаарында — жалпысынан 16 шаарда 11-июндан 19-июлга чейин өтөт.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 16 шаардагы 16 стадиондо уюштурулат. Ачылыш оюну Мехико шаарындагы «Ацтека» стадионунда өтсө, финалдык беттеш АКШнын Нью-Йорк шаарындагы «МетЛайф» стадионунда болот.

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон футбол күйөрмандарын бириктирген, эмоцияга жана кызыктуу окуяларга бай бул ири мелдешти УТРК жана УТРК Спорт каналдары түз эфирде алып көрсөтөт. Бул сизге брендиңизди кеңири аудиторияга таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Дүйнө чемпионатынын трансляциясынын расмий демөөрчүсү же өнөктөшү болууну кааласаңыз, УТРКнын жарнама бөлүмү менен 0 554 455 444 телефону аркылуу же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышсаңыз болот.