FIFA World Cup 2026: УТРК 16 шаардын тарыхын ачат
Новость

УТРК 48 өлкө катышкан, 3 мамлекетте жана 16 шаарда өтө турган "FIFA World Cup 2026" чемпионатын түз эфирде көрсөтүүгө лицензия алды.

2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионаты тарыхта биринчи жолу үч өлкөдө - АКШ, Канада жана Мексиканын аймагында уюштурулат. Эл аралык футбол майрамы жалпысынан 16 шаарда өтүп, күйөрмандарга унутулгус атмосфера тартуулайт.

Сиз да ушул масштабдуу атмосферада өзүңүздүн брендиңизди тааныта аласыз. Бул сизге брендиңизди кеңири аудиторияга чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

Дал ушул ири мелдешке карата УТРК көрүүчүлөргө атайын даректүү тасмалардын топтомун сунуштайт. “ФИФА 2026 — Шаарлар баяны” аттуу циклде чемпионат өтө турган шаарлардын тарыхы, маданияты жана өзгөчөлүктөрү баяндалат.

Тасмалар 4-майдан 3-июнга чейин ар дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 11:10до УТРК каналынан көрсөтүлөт. Ар бир чыгарылыш белгилүү бир шаарга арналат. Футболдун чордону боло турган 16 шаарга УТРК менен бирге саякаттаңыз!

- 4-май -  "Шаарлар баяны: Мехико"

- 6-май - "Шаарлар баяны: Майами"

- 8-май - "Шаарлар баяны: Ванкувер"

- 11-май - "Шаарлар баяны: Бостон"

- 13-май - "Шаарлар баяны: Сиэтл"

- 15-май - "Шаарлар баяны: Лос-Анджелес"

- 18-май - "Шаарлар баяны: Канзас-Сити"

- 20-май - "Шаарлар баяны: Филадельфия"

- 22-май - "Шаарлар баяны: Гвадалахара"

- 25-май - "Шаарлар баяны: Хьюстон"

- 27-май - "Шаарлар баяны: Торонто"

- 29-май - "Шаарлар баяны: Атланта"

- 1-июнь - "Шаарлар баяны: Монтеррей"

- 3-июнь - "Шаарлар баяны: Сан-Франциско"

Белгилей кетсек, FIFA World Cup 2026 11-июнда башталып, 19-июлда жыйынтыкталат. Бул жолку турнирге дүйнөнүн 48 курама командасы катышып, футбол тарыхындагы эң ири мелдештердин бири болору күтүлүүдө.

Көрүүчүлөрдү алдыда чоң футбол майрамы жана кызыктуу телекөрсөтүүлөр күтөт. Андыктан УТРК менен бирге болуңуз!

Дүйнө чемпионатынын трансляциясынын расмий демөөрчүсү же өнөктөшү болууну кааласаңыз, УТРКнын жарнама бөлүмүнө 0 554 455 444 номери аркылуу же ktrkadver@gmail.com электрондук дарегине кат аркылуу кайрылсаңыз болот.