FIFA 2026: Рекорддук байге фонду жана ири футбол майрамы
Новость

FIFA 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатын УТРК жана УТРК Спорт каналдары кыргызстандык күйөрмандарга түз эфирде көрсөтөт.

FIFA уюму 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын байге фондун 15 пайызга көбөйтүп, 871 миллион долларга жеткирди. Бул чечим Канаданын Ванкувер шаарында өткөн FIFA кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Уюм мындай кадам турнирдин жогорку коммерциялык ийгилигине байланыштуу экенин билдирди.

Жаңыланган каржылык планга ылайык, дүйнө чемпионатына катышкан 48 курама команданын ар бири мурда жарыяланган 10,5 миллион доллардын ордуна кеминде 12,5 миллион доллардан алышат. Ошондой эле командаларды даярдоого бөлүнгөн каражат 1,5 миллион доллардан 2,5 миллион долларга чейин көбөйтүлдү. Квалификациялык төлөмдөр да 9 миллион доллардан 10 миллион долларга жогорулатылды.

Мындан тышкары, FIFA делегациялардын чыгымдарын жабууга жана курамалар үчүн билет квоталарын кеңейтүүгө 16 миллион доллардан ашуун субсидия бөлдү. Ал эми кирешенин калган бөлүгү мурдагыдай эле дүйнөлүк футболду өнүктүрүү максатында FIFAга мүчө болгон 211 улуттук ассоциациянын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Байге фондун көбөйтүү чечими бир катар улуттук федерациялардын кооптонуусунан кийин кабыл алынды. Алар логистика жана салыктарга кеткен чыгымдар, айрыкча АКШдагы жогорку чыгашалар, турнирде ийгиликтүү оюн көрсөткөн күндө да каржылык жоготууга алып келиши мүмкүн экенин билдиришкен. Айрым европалык федерациялар дүйнө чемпионатына катышуу чыгым алып келиши мүмкүн экенин да белгилешкен.

Дүйнөнүн 48 өлкөсүн жана миллиондогон футбол күйөрмандарын бириктирген бул ири спорттук мелдеш эмоцияга жана кызыктуу окуяларга бай болору күтүлүүдө. Турнирдин түз эфирдеги көрсөтүлүшү жарнамачылар жана өнөктөштөр үчүн да чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Дүйнө чемпионатынын трансляциясынын расмий демөөрчүсү же өнөктөшү болууну каалагандар УТРКнын жарнама бөлүмүнө 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылса болот.