2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатын УТРК жана УТРК Спорт каналдары кыргызстандык күйөрмандарга түз эфирде көрсөтөт.
Өзбекстан биринчи жолу Дүйнө чемпионатына чыкты. Дебюттук оюндарда аны Португалия баштаган күчтүү атаандаштар күтүп турат. Өзбекстан курама командасы К тайпасында оюн өткөрөт. Анда Колумбия, Португалия жана Конго Демократиялык республикасынын курама командалары менен кез келет.
18-июнда Мехико шаарында боло турган беттеш Өзбекстан менен Колумбиянын ортосунда болсо, 23-июнда Португалия менен АКШнын Хьюстон стадионунда таймаш өткөрүшөт. 28-июнда болсо Атланта стадионунда Конго Демократиялык Республикасы менен беттешет.
Дүйнөнүн 48 өлкөсүн жана миллиондогон футбол күйөрмандарын бириктирген бул ири спорттук мелдеш эмоцияга жана кызыктуу окуяларга бай болору күтүлүүдө. Турнирдин түз эфирдеги көрсөтүлүшү жарнамачылар жана өнөктөштөр үчүн да чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Кызматташуу үчүн 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.