Мундиаль-2026 футбол дүйнөсүндөгү тарыхый окуялар менен да эсте калары күтүлүүдө. Күйөрмандар бир доор спорттон кетерин болжошууда. Легендарлуу атаандаштар Роналду менен Месси үчүн бул акыркы Дүйнөлүк чемпионат болушу мүмкүн.
2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатын УТРК жана УТРК Спорт каналдары кыргызстандык күйөрмандарга түз эфирде көрсөтөт.
Криштиану Роналду 41 жашта. Бул анын алтынчы Дүйнө чемпионаты. Көпчүлүк эксперттер муну Роналдунун акыркы дүйнө чемпионаты деп эсептешет. Португалия фаворит командалардын катарында бар болгондуктан Криштиану Роналдуда көксөгөн кубокко жетүү мүмкүнчүлүгү да жогору.



