Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты-2026: Бардык жаңылыктар бир баракчада
Новость

Футбол сүйүүчүлөрү үчүн жакшы жаңылык!

Эми Дүйнө чемпионаты-2026 тууралуу эң маанилүү маалыматтардын баары УТРКнын расмий сайтынын атайын баракчасында жарыяланып турмакчы. Турнирге байланышкан бардык кызыктарды ушул жерден таба аласыз.

Бул баракчадан сиз:
- акыркы жаңылыктарды;
- оюндардын жыйынтыктарын;
- турнирдик таблицаларды;
- кызыктуу фактыларды жана рекорддорду;
- Мундиалдагы өзгөчө учурларды;
- видеолорду жана эксклюзивдүү материалдарды таба аласыз.

Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземин 11-июнь күнү саат 23:30да УТРК, УТРК Спорт, УТРК Маданият жана Ала-Тоо 24 каналдарынан түз эфирде көрүңүз.

Ачылыш аземи Мексика шаарында өтүп, турнирдин алгачкы беттеши да ошол күнү болот.

Белгилей кетсек, УТРК жана УТРК Спорт каналдары дүйнөлүк футбол майрамындагы оюндарды кыргызстандык күйөрмандарга түз эфирде көрсөтөт.

Футболдун чоң майрамын өткөрүп жибербеңиз!

Жаңылыктар

99071817-6e71-4855-92a8-1d2198a79117.jfif 187.13 KB
Курама командалар
f28931ed-dd1e-435e-8d42-0f6a4e294d91.jfif 209.07 KB
Тайпалардын таблицасы
06a3ef22-9fdb-41ac-a82f-e1539d6f9331.jfif 120.96 KB
Оюндардын графиги
81ed04f9-9b0f-47ec-80a8-03963d73120a.jfif 116.7 KB

Дүйнөнүн эң ири футбол майрамынан артта калбаңыз. Чемпионаттагы бардык окуяларды биздин баракча аркылуу көзөмөлдөп туруңуз!

Кызматташуу үчүн 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.