Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземинен фоторепортаж
Новость

Көптөн күткөн тарыхый окуяга 11-июнда старт берилди. Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин расмий ачылышы Мехикодогу легендарлуу "Ацтека" стадионунда өттү. 

2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 19-июлга чейин АКШда, Канадада жана Мексикада өтөт. Турнирде тарыхта биринчи жолу 48 улуттук курама команда күч сынашат, ал эми беттештердин жалпы саны 104кө жетет.

Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземинде дүйнө жүзүнө таанымал ырчылар сахнага чыгышты. Үч мүнөт сайын алмашкан артисттердин арасында David Guetta, J Balvin, Megan Thee Stallion, Andrea Bocelli жана Maná болду.
Мексикалык бийчилер өз өнөрлөрү аркылуу өлкөнүн тарыхын жана ацтектер доорундагы футболдун алгачкы үлгүлөрүнүн жаралышын чагылдырышты.
Кеченин эң башкы бөлүгү Shakira аткарган чемпионаттын расмий гимни "Dai Dai" ыры болду. Ырдан кийин стадиондун үстүн түркүн түстүү фейерверк жарыгы каптап, ачылыш аземи жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.

Кызматташуу үчүн 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.