Мексика футбол боюнча Дүйнө чемпионаты-2026дагы алгачкы беттешинде Түштүк Африканы 2:0 эсебинде жеңди.
Турнирдеги биринчи голду 9-мүнөттө Хулиан Киньонес киргизсе, экинчи таймда Рауль Хименес эсепти 2:0 кылып бекемдеди.
Ушуну менен Мексика А тайпасындагы алгачкы үч упайын алып, дүйнө чемпионатын ийгиликтүү баштады.
Тайпалык баскычтагы алгачкы оюнда Түштүк Корея да Чехияны жеңип, турнирдеги алгачкы үч упайын камсыздады. Гвадалахара шаарындагы беттеште кореялыктар оюн жүрүшүндө эсепте артта калып жатканына карабай жеңишке жетишти. Беттеш Түштүк Кореянын пайдасына 2:1 эсебинде аяктады.
Ал эми Түштүк Африка менен Чехия курама командалары 18-июнда кез келишет.
2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШда, Канадада жана Мексикада өтөт. Турнирде тарыхта биринчи жолу 48 улуттук курама команда күч сынашат, ал эми беттештердин жалпы саны 104кө жетет.
Кызматташуу үчүн 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.
