В тайпасындагы алгачкы беттеш Канада менен Босния жана Герцеговина курамаларынын ортосунда болду. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Беттеш Торонто шаарындагы “Би-Эм-О Филд” стадионунда орун алды.
Эсепти 21-мүнөттө Босния жана Герцеговинанын чабуулчусу Йово Лукич ачты. Ага карабай канадалыктар активдүү оюн көрсөтүп жатышты. Экинчи таймдын 79-мүнөтүндө Канаданын форварды Кайл Ларин гол киргизип эсепти теңдеди.
Беттештен кийин эки команда тең 1ден упай алышты.
Бул тайпадагы кийинки беттештер 13-июнда Катар жана Швейцария курамаларынын ортосунда болот.
19-июнда Канада-Катар, 24-июнда Канада-Швейцария беттештери болот.
Ал эми Босния жана Герцеговина 18-июнда Швейцария менен, 24-июнда Катар менен кез келишет.
2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШда, Канадада жана Мексикада өтөт. Турнирде тарыхта биринчи жолу 48 улуттук курама команда күч сынашат, ал эми беттештердин жалпы саны 104кө жетет.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.