12-июндан 13-июнга караган түнү Торонто шаарындагы “Би-Эм-О Филд” стадионунда Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өттү.
Бир күн мурун Мехикодогу “Ацтеко” стадионунда турнирдин биринчи өлкөдөгү ачылышы болгон эле.
Канададагы ачылыш салтанат ырчы Алессия Каранын катышуусунда болду. Мындан сырткары Жесси Рейез, Уильям Принс, Vegedream чыгармаларын аткарышты.
Расмий ачылыштан кийин Канада менен Босния жана Герцеговина курама командаларынын беттешине старт берилди. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШда, Канадада жана Мексикада өтөт. Турнирде тарыхта биринчи жолу 48 улуттук курама команда күч сынашат, ал эми беттештердин жалпы саны 104кө жетет.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.