13-июнда АКШдагы “Соу-Фай” стадионунда Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин ачылыш аземи болду. Анда ырчылар Кэти Перри, Тайла, рэп аткаруучу Future, бразилиялык ырчы Анитта, диджей Ремо жана түштүк кореялык BLACKPINK тобунун ырчысы Лиса өнөрлөрүн көрсөтүштү. Расмий ачылыштан кийин АКШ менен Парагвай курамаларынын ортосунда беттеш башталды.
Буга чейин Канада жана Мексика өлкөлөрүндө Дүйнө чемпионатынын ачылуу салтанаттары болуп өткөн.
2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШда, Канадада жана Мексикада өтөт. Турнирде тарыхта биринчи жолу 48 улуттук курама команда күч сынашат, ал эми беттештердин жалпы саны 104кө жетет.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.