13-июнда Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында тайпалык баскычтагы оюндар өтүүдө. D тайпасында АКШ менен Парагвай курамалары кез келди.
Парагвайдын жарым коргоочусу Дамьян Бобадилья оюндун 7-мүнөтүндө өз дарбазасына гол киргизди.
Бул чемпионаттагы алгачкы автогол болуп калды.
АКШ курамасынан Фоларин Балогун 29 жана 31-мүнөттө гол киргизип, дубль жасады.
Экинчи таймда парагвайлык Маурисио Прадо АКШнын дарбазасына 1-голду киргизди. Америкалык Жованни Рейна оюндун соңунда 4-голду киргизди.
2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШда, Канадада жана Мексикада өтөт. Турнирде тарыхта биринчи жолу 48 улуттук курама команда күч сынашат, ал эми беттештердин жалпы саны 104кө жетет.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.