Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин 1-турунун алкагында С тайпасындагы Бразилия жана Марокко курамаларынын ортосундагы беттеш тең чыгуу менен 1:1 эсебинде аяктады.
Оюн АКШдагы “Метлайф” стадионунда орун алды.
Дүйнөнүн беш жолку чемпиондору Бразилия курамасы үчүн бул оюн да оңой болгон жок. Анткени Марокко курамасы эми “аутсайдер” катары эмес эле. Мурунку чемпионаттын жарым финалына жеткен марокколуктар жеңиш үчүн болгон аракетин жумшады.
Беттештин 21-мүнөтүндө Марокконун жарым коргоочусу Исмаэль Сайбари бразилиялыктардын дарбазасына гол киргизди.
Ал эми 32-мүнөттө Винисиус Жуниор каршылаштардын дарбазасына гол киргизип эсепти теңдеди.
2-турдун алкагында 20-июнда Бразилия курамасы Гаити менен кез келет. 3-тур 25-июнда болуп анда Шотландия курамасы менен ойношот.
Ал эми Марокко 20-июнда Шотландия менен ойносо, 25-июнда Гаити менен беттешет.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.