Дүйнө чемпионаты-2026 турниринде Швейцария курамасы тайпалык баскычта Катар курамасы менен кез келип, беттеш 1:1 эсебинде аяктады.
Оюн АКШдагы Санта-Клара шаарында “Ливайс” стадионунда орун алды.
Бул оюнда Швейцария курамасы тынымсыз чабуулдары менен үстөмдүк кылып турушту. Беттештин 17-мүнөтүндө Швейцария курамасынын чабуулчусу Брель Эмболо пенальтиден гол киргизди.
90-мүнөттөн кийин кошумча берилген 4 мүнөттүн аралыгында катарлык Буалем Хухи эсепти теңдеди.
Эки курама тең бул оюндан кийин 1ден упай алышты. В тайпасындагы Канада, Босния жана Герцеговинада да 1ден упай бар.
Кийинки беттеш 18-июнда Швейцария менен Босния жана Герцеговина ортосунда болот. 19-июнда Катар-Канада беттеши орун алат.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.