Австралия курамасы Түркияны 2:0 эсебинде утту
Новость

Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында D тайпасында 1-турдун оюндары жыйынтыкталды. 

14-июнда Австралия жана Түркия курамалары кез келди. Оюндун жүрүшүндө түркиялык футболчулар үстөмдүүлүк кылганы менен гол жаратыша алган жок.

Оюндун 27-мүнөтүндө австралиялык Нестори Иранкунда биринчи голду киргизди. Ал эми 75-мүнөттө Коннор Меткалф эсепти 2:0 кылып, командасында жеңиш алып келди.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.