Дүйнө чемпионаты-2026: Кот-д’Ивуар-Эквадор курамалары тайпадагы лидерлик үчүн күч сынашат
Новость

15-июнда саат 05:00дө Е тайпасынын 1-турунда Кот-д’Ивуар жана Эквадор курама командалары кез келишет. Бул тайпада Германия жана Кюрасао курамалары да бар. Германия фаворит катары саналууда. Мындан улам Кот-д’Ивуар менен Эквадор тайпадагы экинчи орун үчүн күч сынашат деген божомолдор да бар. 

Германия-Кюрасао беттешинин жыйынтыгы да бул курамалар үчүн маанилүү. Командалар 14-июнда 23:00дө таймашка чыгышат. 

Эки оюнду УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрүңүздөр. 

Кызматташуу үчүн 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.